Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

Британиянын тышкы иштер министри Евробиримдикти Түркия менен сүйлөшүүсүн үзгүлтүккө учуратпоого чакырды


Бүгүн европалык мыйзамгерлер Түркиянын Еврошериктештикке кошулушуна жол ачуучу бажы келишимин ратификациялоону кийинкиге калтырышкан эле. Бул келишим Евросоюздун бардык мүчөлөрү, анын ичинде жакында кабыл алынган Кипр менен бажы биримдигин кеңейтүүнү карайт. Бирок Түркия жакында бажы кызматташтыгы Анкара Киптрди тааныйт дегенди билдирбейт, деп жарыялаган. Европалык консерватор депутаттар Түркия бул жарыясынан баш тартышы керектигин айтышты. Европа шериктештигинин жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу үчүн жооп берген комиссары Олли Рен "Бардык мүчө-мамлекеттерди таануу – кабыл алуу жараянынын ажырагыс бөлүгү”, - деп айтты.

XS
SM
MD
LG