Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Азербайжан оппозициясынын сүргүндө жашаган лидери мекенине кайтат


Расул Гулиев мекенине 6-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышуу үчүн кайтарын жарыялады. Азербайжан демократиялык партиясынын лидери катары эсептелген Гулиев өлкөсүндө өкмөттүк каражаттарды жеп–ичкен деп айыпталып жүрөт. Ал коюлган айыптарды четке кагууда, кайтып келген соң бийлик камакка алса, массалык нааразылык акциялары өтөрүн эскерти. 1996-жылдан бери АКШ да өз эрки менен сүргүндө жашаган Гулиев мекенине кайтып келерин мурда да билдирген эле. Өткөн жекшемби күнү Бакуда полиция ноябрдагы шайлоонун адилет өткөрүлүшүн талап кылып, демонстрация уюштурууга аракеттенген ондогон оппозициячыл активисттерди камакка алды.

XS
SM
MD
LG