Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

ЕККУ Казакстандын басма сөз мыйзамына карата өз сунуштарын берди


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Казакстандын массалык малымат каражаттар боюнча жаңы мыйзамынын долбооруна киргизүү үчүн өз сунуштарын берди. Бул тууралуу кечээ Венадан ЕККУнун басма сөз боюнча өкүлү Миклос Харашти билдирди. Анын айтымында казак парламенти менен Журналисттер союзунун наамына жөнөтүлгөн сунуштар Казакстандагы басма сөз эркиндигин жанга журналисттер укугун коргоону жакшыртууга салым кошуусу мүмкүн. ЕККУнун басма сөз боюнча өкүлү Казакстанга келерки айда иш сапары менен келген жатат. Анда Казакстанда Борбор Азиянын жетинчи медия конференциясы өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG