Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

АЗЕРБАЙЖАН ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО АЛДЫНДА


Нарын АЙЫП, Прага 6-ноябрда Азербайжанда парламенттик шайлоо өтүүгө тийиш жана 7-сентябрдан бери шайлоо өнөктүгү өтүп жатат. Оппозициялык партиялар дээрлик ар бир жекшембиде ири митинг-демонстрация уюштурууда, бийлик болсо аларга каршы улам жаңы күнөө коюп жатат. Ал эми элди кызыктырган негизги маселе - Грузия, Украина жана Кыргызстандан кийин эми Азербайжанда да элдик ыңкылап болобу же болбойбу?

Азери парламентинде 125 орун бар жана ар бир орунду орто эсеп менен 10-15 адам талашууда, айрым шайлоо чөлкөмдөрүндө болсо отуз бешке чейин талапкер катталган. Партиялык тизме менен добуш берүү жокко чыгарылган жана ар бир чөлкөмдөн бирден гана депутат шайланууга тийиш, бирок партиялар талапкер көрсөтүүгө укук алган.

1992-жылдан бери Орусияда сүргүндө жашаган мурдагы президент Аяз Муталибов жана 1996-жылы АКШга качкан мурдагы парламент спикери Расул Гулиев дагы талапкер катары катталды, бирок Ички иштер министрлигинин айтымында, алар Азербайжанга келсе, дароо камакка алынышы мүмкүн.

Бийлик өкүлдөрү негизинен "Ени Азербайжан" деген партиянын мүчөлөрү, ал эми "Мусават" партиясы, "Элдик майдан" жана "Демократиялык партия" деп аталган үч негизги оппозициялык күч "Азадлыг" деген блокко бирикти жана азыр алар Бакы шаарында улам жаңы митинг-демонстрацияга чыгып, шайлоонун адилет өткөрүлүшүн талап кылууда.

Грузия, Украина жана Кыргызстандагы элдик толкундоолор дагы ушундай талаптарды коюу менен башталган жана кийин шайлоонун жыйынтыктары туура экенинен күмөн пайда болгондон соң, бийлик менен эл ортосунда тирешүү чыккан. Азербайжанда андай болбош үчүн өкмөт бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүдө жана жакында Бакы шаарына келген украиналык жаш саясатчы да кармалып, мекенине күч менен жөнөтүлдү.

Украинадагы элдик ыңкылапты уюштуруу иштерине "Пора!" деп аталган жаштар кыймылы жигердүү катышкан жана анын жетекчилеринин бири Сергей Евтушенко азыр Украинанын тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп иштейт. "Мусават" партиясынын чакыруусу менен Евтушенко 15-сентябрда Бакы шаарына келгенде, азери коопсуздук кызматы аны кармап, күч менен Киевке жөнөттү. Евтушенконун айтымында, ага эч кандай күнөө коюлган жок:

- Мен эмне үчүн кармалып, кайрадан Киевке жөнөтүлгөнүм жөнүндө мага эч кандай расми да, бейрасми да түшүндүрүү айтылган жок. Бир гана нерсе айтышты - Азербайжанга келүүгө тыюу салынган адамдардын саясий кара тизмесине менин ысмым да кошулган экен.

АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги болсо жылдын башында атайын тендер жарыялап, Азербайжандагы шайлоо учурунда сурамжылоо өткөрүү боюнча атайын фирма тандады. Ал фирма - шайлоо түйүндөрүнүн жарымына өз адамдарын коюп, добуш берип чыккан шайлоочулар арасында сурамжылоо өткөрөт жана кайсы талапкерге канча добуш берилгенин алдын ала аныктайт. Айрым маалымат каражаттары жазып чыкканга караганда, АКШнын Азербайжандагы элчиси Рино Харриш азери бийлигине кайрылып, эгер шайлоонун жыйынтыктары ал сурамжылоонун жыйынтыктарынан өтө эле айырмаланса, АКШ шайлоону адилеттүү деп тааныбай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG