Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Баяман Эркинбаевдин жакындары өлкө бийлигине кайрылуу жолдоду


ЖАЛАЛАБАТ. Депутат Баяман Эркинбаевдин тууган-уруктары менен күйөрмандары өз кайрылуусунда эл өкүлүн атып өлтүргөндөрдү тез арада таап, мыйзамга ылайык жаза берүүнү талап кылышты. Баяман Эркинбаевдин жакыр жана турмушу начар үй-бүлөлөр жана кыргыз спортсмендери үчүн зор камкордук кылганын эскерүү менен депутаттын өмүрүн кыйгандар табылбаса, бийлик жана күч органдары элдин алдында чоң уятка калаары белгиленди. Мындай кайрылуу Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Баяман Эркинбаев туулуп-өскөн облустун Сузак районундагы Карадарыя айыл өкмөтүндө кабыл алынган. Ал 21-июнда түн ичинде Бишкектеги үйүнүн жанында белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Облустук ички иштер Башкармасы депутатты өлтүргөндөрдү кармоо жана алардын жолун тосуу аракети менен атайын иш-чаралар жүргүзүлгөндүгүн жана ал аракеттер учурда күчүндө тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG