Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

Каракечедеги кырдаал кышка даярдыкка терс таасирин тийгизеби?


БИШКЕК. Нарын, Ысыккөл жана Чүй дубанынын бир нече жашоочулары көчөнү бууп, Каракечеден келаткан машиналардан көмүрдү тартып алып турабыз, деп билдиришти “АКИ-пресс” агенттигинде болгон маалымат жыйынында. Алар Нурлан Мотуев жетектеген “Жоомарт” кыймылы Каракече көмүр кенин басып алгандан бери кышында эл гана эмес, мектеп, бала бакча жана ооруканалардын көмүр менен камсыз болбой калуу коркунучу бар, деп эсептешет. Маалымат жыйынында айтылганга караганда, Каракече көмүрү былтыр Кочкордо 700-750 сом болсо, быйыл 1 тоннасы 1300 сом, Нарында 1500 сом, ал эми Балыкчыда былтыр 900 сом болсо, быйыл 1800 сом, Кемин жана Сокулук райондорунда 1700 сомго чыккан. Буга чейин аталган аймактардын элинин атынан 16 миң адам кол койгон кайрылуу президентке, премьер-министрге жөнөтүлгөн. Кочкор районунун жаштар кыймылынын жетекчиси Мирлан Исраилов маалымат жыйынында билдиргенге караганда, эгер өкмөт менен парламент чечкиндүү чараларга барбаса, анда аталган региондун калкы өз алдынча кескин кадамдарга бара башташат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG