БИШКЕК. Кыргызстандагы жогорку жана орто окуу жайларын бүтүргөн атуулдар эч кандай кошумча текшерүүдөн өтпөстөн эле Орусияга барып ишке орношо алат. Мындай макулдашууга 27-сентябрда Тажикстанда өткөн Евразия экономикалык кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын жыйынын алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадков менен Кыргызстандын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров кол коюшту. Евразия экономикалык кызматташтык уюмуна Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Беларус өлкөлөрү мүчө.