Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:33

Баткендик ыңкылапчылар да президентке кайрылуу жолдошту


БАТКЕН. 29-сентябрда “Элдик ыңкылапты коргоо” кыймылынын Баткендеги мүчөлөрү президентке кайрылуу жолдошту. Кайрылууда баңгизат менен шугулдангандар менен арам оокаттуулардын кармашуусунан келип чыккан кайгылуу окуяларды ыңкылапка байланыштыруу көп жагынан туура эместиги, буга каршы атайын мамлекеттик уюм, же орган түзүү керектиги белгиленген.Ошондой эле Азимбек Бекназаровдун баш прокурорлуктан кетиши эл үчүн чоң олжодон айрылгандай болду, деп жазылат. Коррупция, мыйзамсыздык, контрреволюциялар боюнча фактыларды топтоо – “Элдик ыңкылапты коргоо” кыймылынын негизги милдети экенин кыймылдын Баткендеги бөлүмүнүн башчысы Амиракул Алтымышев ушул эле күнү «Азаттыкка» маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG