Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

Президенттин маалымат кызматы билдирүү таратты


БИШКЕК. Адам укугу боюнча кыргыз комитетинин жетекчиси Рамазан Дырылдаевдин 27-сентябрдагы президентке кайрылуусу боюнча президенттин маалымат кызматы билдирүү жасады. Анда Рамазан Дырылдаевдин кайрылуу интернет баракчаларда жазылып жүргөн ушак-айыңдарга негизделгендиги белгиленген. 27- сентярбда президентке жөнөтүлгөн бул кайрылууда Рамазан Дырылдаев Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынышын кескин сынга алган. Анда Цемент-шифер заводунун акциясын вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов сатып алууга кызыккан, ал эми шампанкомбинаттын акциясы президентке жакын адамдардын колуна түштү деген маалыматтар тарап атканы жазылган. Рамазан Дырылдаев Курманбек Бакиевге сиздин уулуңуз Максим Бакиев ишкерлигин ачык жүргүзүүгө тийиш, кудаңыз Таштемир Айтбаевди улуттук коопсуздук кызматтын төрагалыгына дайындалуусу өңдүү тажрыйба дагы эле уланууда, деп жазат. Президенттин маалымат кызматы мындай кайрылуу адам укугу боюнча кыргыз комитетине аброй алып келбейт, деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG