Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

ИИМдин кылмышкерлерди издөө башкармалыгы парламенттен жардам сурады


БИШКЕК. Ички иштер министрлигинин кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын оперативдүү жыйынында Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алынды. Анда өлкөдөгү бүгүнкү кырдаалга тынчсыздануу айтылып, депутат Баяман Эркинбаевдин өлүмүнөн кийин айтылган сындарды кабыл алышаарын, бирок бир катар көйгөйлөргө көңүл буруу өтүнүчү жазылган. Кайрылууда айтылгандай, кылмышкерлерди издөө башкармалыгында болгону 1000 кызматкер иштейт, алардын орточо айлыгы 2000 сом. Аталган башкармалыкка караштуу 24 машинанын учурда бешөө гана жүрөт. Материалдык-техникалык база абдан эскирген. Кылмыш иликтөө башкармалыгы эң акыркы технологиядагы курал- жарактар менен уюшкан кылмыштык топторго тартип коргоо органдары теңеле албай турат, деп билдирет. Соңку 5 жылда кызматтык милдетин аткаруу учурунда 15 кызматкер набыт болгон. ИИМ кызматкерлери депутаттардан кылмыштык дүйнөнү басыш үчүн ушул маселелерди чечүүгө жардам берүүнү суранышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG