Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

АКШда РЕСПУБЛИКАЧЫЛАРДЫН ЛИДЕРИ ЭЭРДЕН ТАЙЫДЫ


АКШ президентинин саясий өнөктөшү, Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы республикачылардын лидери Том Делэй фракция жетекчилигин убактылуу токтотконун жарыялады. Мындай чечимди АКШдагы таасирдүү конгрессмен Техас штатындагы сот ага мыйзамдарды бузганы жөнүндөгү кине таккандан кийин кабыл алды.

АКШлык тарыхчылар 100 жылдан ашуун мезгилден бери алгачкы ирет Конгресстеги фракция жетекчисине сот ушундай кине такканын айтып жатышат. Убагында Техас штатында республикачылардын шайлоо кампаниясына каражат чогултуу комитетин түзгөн Том Делэй “жең ичинен корпорациялардан ири суммадагы жардам алууну көздөгөн” деп айыпталууда. Конгрессмен өзү бул ишти саясий оппоненттери уюштурган жасалма айып деп атады:

- Бул иш – атайын уюшулган, алдын-ала ойлонулуп жасалган саясий өч алуу кампаниясы, атайын кекчил партизандык иликтөөнү эске салат.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Делэй 2002-жылы түзгөн “Техастыктар республикачыларды колдойт” аттуу комитет мыйзамдарды бузуу аркылуу ар кандай корпорациялардан чогулткан каражатты саясий иштерге жумшап турган. Байкоочулар дал ушул комитеттин жигердүү ишмердиги согуштардан кийинки мезгил аралыгында алгачкы жолу республикачыларга Техас штатынын парламентинде көпчүлүк мандаттарды камсыздап бергенин белгилешет. Андан көп узабай техастык депутаттар шайлоо округдарын өзгөртүп, бул аракет АКШнын өкүлдөр палатасына республикалык партиянын өкүлдөрүн көбүрөөк өткөрүүгө жардам берген дешет эксперттер.

Техас штатынын мыйзамдары боюнча, корпорациялардын акчасы саясий максаттарга сарпталбашы керек, айрыкча аларды шайлоо кампаниясына пайдаланууга катуу тыюу салынган. Андай каражаттар штаттагы башкаруу органдары тарабынан элдин кызыкчылыгында пайдаланылышы мүмкүн.

Конгрессмен Том Делэйдин жогоруда айткан кекчил партизан тууралуу сөздөрүн кабарчылар дароо эле Техастык прокурор Ронни Эрлинин дарегине багыштап жиберишти. Прокурор Эрли – демократиялык партиянын мүчөсү. Андыктан аны “өч алууну көздөгөн саясий партизан” деп атоого негиз жок эмес, дешет байкоочулар.

Прокурор Эрли кыскача: “биздин иш – жөнөкөй, кыянатчыл аракеттерди издеп таап, коомчулукту кабардар кылуу”, - деп комментарийледи.

АКШнын мыйзамдары боюнча, сот тарабынан эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган иш боюнча жоопкер айыпталуучу саясий жетекчилик кызматтан баш тартышы керек. Эксперттердин айтымында, Том Делэй күнөлүү деп табылса дал ушундай мөөнөткө соттолуп, 10 миң долларлык айыпка жыгылышы мүмкүн. Конгрессмен азырынча: “эч убакта андай болбойт, күнөөм жок”, - деп актанууда. Эксперттер президент Буштун гана эмес, бүткүл АКШ өкмөтүнүн Конгресстеги ишенген кожосунун антип сотко кириптер болгону – ырасмий Вашингтондун мыйзам чыгаруу жаатындагы ишмердигин татаалдантат деген пикирде.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG