Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:35

АКШнын Жогорку сотунда жаңы төрага


Бүгүн АКШнын Жогорку сотунун төрагалыгына шайланган Жон Робертс кызматына расмий түрдө киришти. Анын талапкерлигин ушул бейшембиде Сенат жактырган болчу. АКШ президенти Жорж Буш Жон Робертсти төрагалыкка ушул жылдын сентябрында мурдагы төрага Уильям Ренквист каза болгондон кийин сунуштаган. 50 жаштагы Роберт АКШнын Жогорку сотунун 200 жылдык тарыхындагы алгачкы эң жаш төрага болуп калды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG