Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Казакстандын элчиси Таласта болду


ТАЛАС. Казакстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрзак Өзбеков Казактсан менен ар кыл багыттагы алака байланыштары тыгыз Талас облусунун абалы менен үч күн бою таанышты. Облустун коомчулугу менен өткөн жолугушууда элчиге таластык жарандардын Казакстан аркылуу транзиттик жол жүрүү түйшүктөрүн азайтуу, Карабуура районунда казак-кыргыз чек арасындагы талаш участокторду адилет чечүү, Киров суу сактагычын биргелешип, натыйжалуу пайдалануу, таластык дыйкандар өстүргөн айыл чарба азык-түлүктөрүн Казакстанга тоскоолдуксуз өткөрүү, Талас облусуна санаториялык биргелешкен жайларды куруу, өрөөндүн тоо-кен өндүрүшүн биргелешип өздөштүрүү тууралуу сунуштар айтылып, бир катар суроолор берилди. Элчи ошондой эле төрт миңден ашуун сандагы казак диаспорасынын өкүлдөрү менен да жолугушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG