Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

Парламент жергиликтүү сотторго сунушталган талапкерлерге макулдук берди


БИШКЕК. 30-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары президент Курманбек Бакиев тарабынан сунушталган өлкөнүн жергиликтүү сотторуна талапкерлерге макулдук беришти. Парламенттин депутаттарына талапкерлерди Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов тааныштырды. Жашыруун добуш берүүнүн негизинде Чүй аскердик гарнизонунун судьялыгына Нурлан Ашымбек уулунун, Ысыккөл облусунун экономикалык иштер боюнча район аралык сотунун төрайымдыгына Калида Асанованын талапкерлигине депутаттардын көпчүлүгү макулдук беришти. Депутаттардын көпчүлүк бөлүгү ошондой эле Ош облустук сотунун орун басарлыгына сунушталган Жаныбек Жээнбековдун, Ысыккөл облустук сотуна Акылбек Абдыкадыровдун, Каракол шаардык сотунун судьялыгына Эмилбек Кененбаевдин, Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун судьялыгына Жамиля Сабитованын жана Бишкек шаардык сотунун судьялыгына Нургүл Алыбаеванын талапкерликтерин колдошту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG