Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

Феликс Куловдун Орусиядагы иш сапары уланды


БИШКЕК. 29-сентябрда башталган эки күндүк бул иш сапардын учурунда премьер-министр Феликс Кулов Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадков менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда эки өлкө ортосундагы аскердик-техникалык, гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды. Мындан сырткары Феликс Кулов “Газпромдун” башкармасынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушуп, тараптар аталган ишкана менен Кыргызстандын ортосунда мунай-газ тармагындагы узак мөөнөттүү келишимдин алкагында биргелешип аракекттенүү тууралуу маселелерди талкуулашты. Кыргыз өкмөтү “Газпром” менен 25 жылдык мөөнөттөгү мындай келишимге 2003-жылы кол койгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан 30-сентябрда кабарлашты. Өкмөт башчынын Орусияга жасаган иш сапары ушул эле күнү кечинде жыйынтыкталды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG