Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

Президент өкмөттүн жаңы мүчөлөрү менен жолугушту


БИШКЕК. 30-сентябрда президент Курманбек Бакиев парламент тарабынан бекитилген жаңы өкмөттүн курамы менен жолугушту. Өлкө башчысы алгач өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн бул кызматка келиши менен куттуктап, алардын ар бирин кызматка дайындоо тууралуу жардыкка кол коюлганын жарыялады. Президент ошондой эле саясаттан чарчаган эл жаңы өкмөттөн чечкиндүү аракетерди күтүп жатканын айтып, жаны өкмөт мүчөлөрүн элдин ишеничин актоого чакырды. “Мен силердин узак убакыт иштешиңерди каалайм, Эгер кимдир-бирөө коррупцияга аралашса айоо болбойт, дароо тиешелүү чечим кабыл алынат”, - деди Курманбек Бакиев. Президент мындан сырткары биринчи-вице-премьерди дайындоого байланышкан маселе жакын арада чечилээрин да кошумчалады. Жолугушуунун соңунда президент өкмөт мүчөлөрүн 5-октябрга белгиленген өкмөттүн кеңейтилген жыйынына даярданууга үндөдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан ушул эле күнү кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG