Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Досумбай Дүйшалиев сотто эсин жоготту


БИШКЕК. Каракол тергөө абагындагы отурган Досумбай Дүйшалиевдин соттук иши жума күнү Каракол шаардык сотунда каралды. Соттун жүрүшүндө 12 күндөн бери ачкачылык жарыялап, оозун жип менен тигип алган Дүйшалиевдин акыбалы начарлап, тез жардам менен ооруканага жеткирилиди. Бул тууралуу Досумбай Дүйшалиевдин жактоочуларынын бири Каныбек Ааматов 1-октябрда “Азаттыкка” билдирди. “Ынтымак” кооперативинин мурдагы жетекчиси Досумбай Дүйшалиев Кылмыш жаза кодексинин 169-беренеси менен 15 жылга күчөтүлгөн мөөнөткө эркинен ажыратылган. Ал соттун чечимине нааразылык билдирип,19-сентябрдан бери ачкачылык жарыялап, оозун тигип салган.

XS
SM
MD
LG