Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Райондук прокурор Кубанычбек Апаска эскертүү берди


БИШКЕК. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы президенттикке талапкер катары катталбай калган саясатчы Кубанычбек Апаска эскертүү берди. Эскертүүдө Кубанычбек Апас 28-сентябрда мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровду коргоо митингисинде президент Курманбек Бакиевдин иш беделине доо кетирген, Бакиевди коррупцияга, Үсөн Кудайбергеновдун, Жогорку Кеңештин депутаттары Баяман Эркинбаев менен Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмү үчүн курулай айыптаган деп айтылат. Эскертүүдө айтылганга караганда, мындай айыптоого мындан ары дагы жол берилсе, аталган жаран Кылмыш кодексинин 127 беренесинин 3-пункту боюнча жоопко тартылат. Кубанычбек Апас болсо муну жаңы бийликтин куугунтугу катары санайт:

- Мени жаңы бийлик кайрадан куугунтуктап атат. Биринчи май райондук соту менин кыргыз жараны экенимди далилдеди. Адилеттүү чечим чыгарды. Бирок БШК төрагасы кайра аппеляциялык арыз берип, шаардык сот ошол чечимди кайра жокко чыгарып атат.

Өткөн президенттик шайлоо алдында Кубанычбек Апастын президенттикке талапкер болуу тууралуу арызын каттоодон БШК баш тарткан. Бул боюнча өзүнүн Кыргызстандын жараны экендигин далилдөө максатында ал Биринчи май райондук сотуна кайрылып, жеңип алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG