Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:26

Космоско дагы бир америкалык миллиардер турист катары учурулду


Казакстандын Байкоңур космодромунан бүгүн Эл аралык космос станциясына орусиялык "Союз" кемеси учурулду. Аны менен космоско орусиялык космонавт Валерий Токарев, америкалык астронавт Уильям Макартур жана турист катары америкалык миллиардер Грегори Олсен учуп чыкты. Алтымыш жаштагы Олсен өзү физик жана космосто он күн болуу үчүн ал 20 миллион доллар төлөдү. Мурда космоско турист катары 2001-жылы америкалык ишкер Деннис Тито жана 2002-жылы түштүк африкалык Марк Шаттлворт учкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG