Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Ирактын коопсуздук күчтөрү жай даярдалууда деген тычсыздануулар айтылууда


Ирактагы америкалык аскерлер жаңы чабуул баштаганы тууралуу кабарланууда. Алар Ирак менен Сирия чек арасындагы согушкерлер базаларын бутага алды, анткени көптөгөн куралдуу чабуулдар ушул аймактан башталып жатат. Американын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс болсо, бүгүн Принстон угтверситетинде чыгып сүйлөп, АКШ өзүнүн Ирактагы максаттарынан баш тартпайт деп билдирди:

- Эгер биз Ирактан азыр чыгып кетсек, анда биз өлкөнүн демократтарын убалга калтырабыз, аларга болгон биздин жардам азыр эң керектүү. Андан тышкары, бүткүл Жакынкы Чыгыш аймагындагы эркиндиктин душмандары андан ого бетер күчтөнөт жана Американын өзүнө да зыян тийет.

Рамазан ыйык айы башталаар алдында америкалыктар бүгүн Багдад шаарынын алдындагы "Абу-Грейб" абагынан беш жүзгө жакын туткунду бошотту.

XS
SM
MD
LG