Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Нарын АЙЫП, Прага "Ал-Каида" уюмунун Ирактагы жетекчиси Абу Мусаб аз-Заркави 14-сентябрда өлкөнүн шийи мусулмандарына каршы кеңири согуш баштоого чакырган. Айрым америкалык аскерий жетекчилердин айтымында болсо, Иракта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өлкөнүн өзүнүн куралдуу күчтөрү али алсыз.

Ирактагы америкалык аскерлердин башчысы генерал Жорж Кейси 29-сентябрда билдиргенге караганда, америкалыктардын жардамы менен азыр Иракта көптөгөн батальон даярдалды, бирок азырынча алардин бири гана өз алдынча аракеттене алат, ошондуктан эмдиги жылдан тартып америкалык аскерлерди Ирактан чыгарып кете баштоо пландарын кайра карап чыгууга да туура келиши мүмкүн.

Коргоо министри Доналд Рамсфелд болсо дароо 30-сентябрда Вашингтон шаарында журналисттер менен жолугуп, абал анчалык начар эмес экенин билдирди:

- Эң негизгиси - ар күн сайын Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн саны өсүүдө, алардын даярдыгы жогорулап баратат жана жалпы абал дагы жакшырууда. Азыркы учурда өлкө боюнча өткөрүлгөн көзөмөл иштеринин 80 пайызы америкалык аскерлер тарабынан жүргүзүлүп жатат, бирок бул көрсөткүч өзгөрүшү мүмкүн.

15-октябрда Иракта жалпы элдик референдум өткөрүлүүгө тийиш жана элдик талкууга өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоору коюлат. Бирок ал долбоорго Ирактын сунни мусулмандары мурда каршы чыккан, алардын пикиринде, мындай конституция кабыл алынса, өлкөнүн келечекте чачырап кетишине негиз түзүлөт. Ошондуктан "Ал-Каида" уюму акыркы мезгилде куралдуу аракеттерди күчөтүп, референдум өткөрүүгө каршы бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүдө.

АКШнын Ирактагы элчиси Залмай Хализад болсо акыркы күндөрдө күрддөр жетекчиси Масуд Барзани жана өлкө президенти, улуту боюнча күрд Жалал Талабани менен жолугуп, Конституция долбооруна кошумча киргизүү маселелерин талкуулай баштады.

Бир сунуш боюнча, Конституцияга - өлкөнүн аймактык биримдиги тууралуу сөздөрдү кошуш керек. Экинчи сунуш менен кеңири автономияга ээ боло турган күрд аймактарында күрд гана тилине эмес, араб тилине дагы расми тил деген макам берсе болот. Жана үчүнчү сунуш боюнча, өлкөнүн биримдиги менен шийи аймактарынын макамы тууралуу сунуштарды бекитүү үчүн парламентте добуш бергенде, сөзсүз депутаттардын үчтөн экисинин макулдугу
XS
SM
MD
LG