Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

ТҮРКИЯНЫН ЕВРОПА БИРИМДИГИНЕ КОШУЛУУ МАСЕЛЕСИНДЕ МУНАСА ТАБЫЛАБЫ?


Нарын АЙЫП, Прага Мурда түзүлгөн келишимдер боюнча, 3-октябрда Европа Биримдиги менен Түркия ортосунда - өлкөнү уюмга мүчө кылып кабыл алуу боюнча расмий сүйлөшүүлөр башталууга тийиш, бирок андай сүйлөшүүлөр башталаары акыркы мүнөткө чейин белгисиз. Ошондуктан экисинен үчүнө караган түнү Биримдиктин тышкы иштер министрлери Люксембургда жолугуп, маселени караштырууда жана уюмдун тышкы маселелер боюнча өкүлү Хавье Солананын айтымында, мунаса сөзсүз табылат.

НАТО уюмуна 1952-жылдан бери мүчө Түркия Европа Биримдигине кошулуу ниетин 1960-жылдарда билдирген. Андан бери Биримдикке, мисал үчүн, 1973-жылы Ирландия, 1981-жылы Грекия, 1986-жылы Португалия сыяктуу мамлекеттер кирген жана анын арызы каралбай жатканы тууралуу Анкара такай тынчсыздануу билдирип келген. Ал эми 2003-жылы Биримдикке мүчө болууга Кипр, Латвия, Литва, Мажарстан, Мальта, Польша, Словакия, Словения, Чехия жана Эстония чакырылып, бир жылдан кийин алар чындап эле уюмга кошулганда, окуялардын андай өнүгүшүн түркиялык жетекчилер өлкөнү кемсинтүү катары баалай баштаган.

2004-жылдын декабрында болсо Түркиянын мүчөлүгү тууралуу сүйлөшүүнү 2005-жылдын 3-октябрында баштоо тууралуу макулдашылган жана Түркияга бир нече шарт коюлган. Алардын ичинде - Биримдикке мүчө бардык 25 мамлекет менен Түркия бажы келишимдерин түзүүгө тийиш болчу, Анкара чындап эле ал тууралуу документтерге кол койду, бирок андай келишим менен Түркия Кипрди тааныгандыкка жатпайт деп өзгөчө белгиледи.

Отуз жылдан бери экиге бөлүнгөн Кипрде Түндүк Кипр түрк жумурияты түзүлгөн, аны дүйнөдө жалгыз Анкара гана тааныйт жана жумуриятты коргоо үчүн аралга түркиялык аскерлер да киргизилген, бирок андан көптөгөн маселе чыгууда. Андан тышкары ХХ кылым башында Осмон империясынын чыгышында армяндарды кыруу аракеттерин Анкара геноцид деп тааныбаганы да кошумча маселе жаратууда. Түркиянын өзүндө жашаган күрддөр да эгемендүүлүк же кеңири автономия үчүн күрөшүүдө, Анкара болсо алардын кыймылын катуу чаралар менен баскандыктан дагы европалык мамлекеттер менен пикир келишпестик пайда болуп жатат.

1-октябрда Брюссел шаарында күрддөр ири демонстрация өткөрүп, Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу маселеси күрддөр проблемасы менен кошо каралууга тийиш деген талап койду:

- Биз Европа Биримдигинен талап кылабыз - күрд өкүлдөрү менен дагы сүйлөшүү жүргүзүү керек. Эгер алар Түркияны Биримдикке мүчө кылып кабыл алууну кааласа, алар 20 миллион күрддүн мүдөөсүн дагы четке какпоого тийиш. Күрд маселеси демократиялык жол менен чечилмейинче, Түркия Европа Биримдигине мүчө болуп кирбеш керек, - деп билдирди, Брюсселдеги демонстрацияны уюштурган Фарук Дору.

29-сентябрда болсо, Биримдикке 1995-жылдан бери мүчө Австрия жаңы сунуш киргизип, Түркияны уюмга толук мүчө катары кабыл албастан, анын мүчөлүгүнө жөн гана өзгөчө макам бериш керек деп билдирди. Анкара болсо Брюсселден - мурда берилген убаданын аткарылышын талап кылууда жана эгер Австриянын сунушу өтсө, Түркия мүчөлүктөн да баш тартат деп коркутууда.
XS
SM
MD
LG