Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

Экс-президенттин адвокаты эки гезитти сотко берет


БИШКЕК. Экс-президент Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович “МСН” жана “Жаңы ордо” гезиттерин сотко берээрин 2-октябрда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, депутат Баяман Экринбаевдин өлүмүнө Аскар Акаевдин үй- бүлө мүчөлөрүнүн тиешеси жок. Адвокат Майрам Акава эч кандай кат жазган эмес, ошондой эле киши колдуу болгон депутаттын Бермет Акаева менен жолуккандыгы да калп. Максим Макисмович сот аркылуу бул гезиттерден кечирим суроону жана чоң суммадагы моралдык компенсация төлөөнү талап кылмакчы. Аталган гезиттерде депутат Байман Экринбаевдин сейфинен Майрам Акаева жазган деген жашыруун кат табылгандыгы, ошондой эле экс-президенттин үй-бүлөсүнүн депутаттын өлүмүнө тийиштиги бардыгын божомолдогон макалалар жарыяланган.

XS
SM
MD
LG