Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бул жумада Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен Бишкекте француз кино жумалыгы өттү. А.Малдыбаев атындагы опера балет театры “Чолпон” балети менен кезектеги театралдык сезонун ачты. Тил майрамына карата мамлекеттик тил комиссиясы Бишкектин тургундарына эки күн концерт уюштурушту. Ишемби күнү Ош шаарында куудулдардын республикалык сынагы башталды.

Аптанын шейшемби жана шаршемби күндөрү Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда малекеттик тил комиссиясы, Улуттук филармониянын чыгармачыл жамааты жана “Гүлсүн” продюсердик борбору тарабынан тил майрамына карата уюшулган “Эне тилим - ырда, бийде, музыкада” аттуу концерт өттү. Аталган концертти филармониянын чыгармачыл жамааты, “Акмарал” бийчилер тобу жана ак таңдай акындар коштоду. Бул концерт менен катар эле “Камбаркан” этнографиялык тобунун ырчысы Дилшат Кангелдиева чыгармачылык кечесин өткөрдү. Кечеге “Эл шайырлары” тобунун ырчылары, менен бирге түрк эл ырчысы, композитор Сибахотин Сиврикая катышты.

***

Казак элинин белгилүү актеру жана режисеру Шакен Аймановдун жаркын элесине арналып, Алматы шаарында “Шакендин жылдыздары” атуу эл аралык кинофорум өткөрүлдү. Ага Борбор Азия жана Чыгыш өлкөлөрүнүн маданият ишмерлери келишти. Форумдун коноктору жана калыстар тобу кыргызстандык режисерлор Айбек Дайырбеков, Эмил Жумабаев, Гаухар Сыдыкова жана Фурхат Турсуновдор тарткан “Күтүлбөгөн түш”, “Күүгүмдөгү ыр”, “Дөңсөөдөгү кыздар” жана “Терезе” деген тасмаларды көрө алышты. Аталган фильмдердин ичинен Гаухар Сыдыкова менен Фурхат Турсуновдун “Терезе” аттуу даректүү тасмасы “Актерсуз кино” деген номинация боюнча баш байгени жеңип алды.

“Ордо” студиясы тарабынан 2004-жылдын соңунда Көкжаңгак шаарында тартылган он беш мүнөттүк бул тасма төшөктө жаткан апасын багам деп, шахтада иштеген он бир жашар баланын турмушун чагылдырат. Аталган студиянын жетекчиси Бакыт Токтокожоевдун айтымында тасма “Балдарды сактайбыз” деген чет өлкөлүк компаниянын тапшырмасы менен тартылган.

-“Save the children” компаниясы бизге тапшырма берген, жетишпеген үй-бүлөлөрдүн балдарын тапкыла деп. Биз караштырып отуруп, Жалалабаддан таптык.

Аталган тасма жакында эле Анапа шаарында өткөн КМШ жана Балтика мамлекеттеринин киночуларынын “Киношок” эл аралык фестивалында да көрүүчүлөрдүн сынына коюлган. Режисер Фурхат Турсунов эми бул тасма менен Германиядагы Ляптик шаарында өтүүчү даректүү фильмдердин он төртүнчү фестивалына жөнөп жатышкандыгын да кошумчалады:

- 5-октябрда Германияга кетип жатам. Себеби Ляптик шаарында өтүүчү он төртүнчү кинофестивалда “Терезе” тасмасы да көрсөтүлмөкчү.

Узап бара жаткан аптанын дагы бир маанилүү окуяларынын бири - Алматыда кыргыз кино жумалыгынын өтүшү болду. Ал эми учурда аталган шаарда “Евразия” аттуу кинофестиваль өтүп жатат. Фестивалдын ачылышында болуп кайткан актер Болот Тентимишовдун айтымында Эрнис Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү” аттуу тасмасы көрүүчүлөрдүн сынына коюлууда.

***

Ишембиде Ош шарында “Бешилик” продюсердик борбору уюштурган “Куудулдар – 2005” сынагы башталды. Аталган борбордун жетекчиси Рысбек Жадиевге сынакка катыша турган 11 куудулдун үчөөсү келбей калгандыгын айтып, төмөндөгүлөргө токтолду:

- Баардыгы катышабыз деп убадаларын беришкен. Бирок жигиттик сөздөрүн бузушуп? сынакка келишкен жок. Бул республикалык деңгээлдеги сынак. Жамбыл, Рахман баш болгон куудулдар өздөрү деле айтышып жатат, биздин убагыбызда мындай конкурсту эч ким өткөзгөн эмес деп. Сынактын жыйынтыгы 6-октябрда чыгарылат.
XS
SM
MD
LG