Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

БАЛИ АРАЛЫНДА ЖАРДЫРУУ ЖАСАГАНДАРДЫН ШЕК-ШЫБАТЫ БЕЛГИСИЗ


Индонезиянын терроризмге каршы департамент башчысы жума күнү Бали аралында 25 кишинин өмүрүн алган жардырууларды “Ал-Каиданын” жергиликтүү шакирттери уюштурушу ыктымал, деп билдирди. Ишембиде кандуу окуялар болгон жерге Индонезиянын президенти барды.

Индонезиянын терроризмге каршы департамент башчысы жума күнү Бали аралында 25 кишинин өмүрүн алган жардырууларды “Ал-Каиданын” жергиликтүү шакирттери уюштурушу ыктымал, деп билдирди. Ишембиде кандуу окуялар болгон жерге Индонезиянын президенти барды.

Индонезиянын бийликтери жума күнү батыштык эс алуучулар көп барган Бали аралында болгон жардырууларды дал ушул жерде мындан 3 жыл илгери болгон теракттар менен байланыштырып жатышат. 2002-жылдын октябрь айында орун алган андагы бомба жардырууларынан 202 киши мерт болгон, алардын көпчүлүгү чет элдик эс алуучулар эле.

Жума күнү удаама-удаа жардырылган 3 бомбадан кеминде 25 киши набыт кетип, 120дан ашуун адам жараат алганы кабарланды. Бирок ишембиде ал жерге барган Индонезиянын президенти Бамбанг Юдхойоно тергөө аныктамайынча, кимдир-бирөөнү күнөөлөгөн эртелик кылаарын эскертти:

- Бул жерде теракт болгонунда шек жок, коомдук жайларды жана курмандыктарды тандаганынан билинип турат. Индонезиянын президенти жана жараны катары бул адамгерчиликсиз аракетти кескин айыптайм.

Тергөөчүлөр азырынча ал жерде жанкечтилердин изи табыла электигин маалымдашты.

Океандын жай толкуну жээктеги ресторандарда эс алып жаткан туристтердин үнүнө коштолуп тынч турган чакта жардыруулардын үнү жаңырып, ага удаа баары дүрбөлөңгө түшүп заматта кымгуут, ызы-чуу башталган. Жардыруулар жума күнү, жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8дерге жакын Бали аралындагы 3 ресторанда орун алды. Ага удаа батыштык эс алуучулар жык толгон Жимбаран пляжында дагы бир жардыруу болду. Азырынча курман болгондор арасында австралиялык 16 жаштагы өспүрүм, Жапониянын да жараны бар экени такталды, андан сырткары Британия, Түштүк Кореянын жарандары жарадар болгону кабарланды.

Австралиянын премьер-министри Жон Ховард жараат алган 17 австралиялыктын өмүрүнө тынчсыздануусун билдирип, өз өлкөсүндөгү мусулман коомчулугуна кайрыла кетти:

- Мен Австралиядагы мусулман коомчулугу биздин досторубуз экенин белгилеп кетмекчимин. Биз аларды душман деп эсептебейбиз. Алар биздин террорчулукка каршы күрөштү колдошот.

Индонезиянын бийликтери мындан 3 жыл мурда 202 кишинин өмүрүн кыйган теракттардан кийин жаңыдан жандана баштаган туризм тармагы эми кайрадан чыгым тартаарына кабатырлыгын айтышууда. Жума күнкү жардырууларды АКШ, Британия, Германия жана башка бир катар өлкөлөр, Улуттар уюмунун Баш катчысы Кофи Аннан кескин түрдө айыпташты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG