Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

БИШКЕКТЕГИ УНИВЕРСИТЕТ ЧӨЛКӨМҮНДӨ ШАЙЛООНУН ЭКИНЧИ АЙЛАМПАСЫ ӨТТҮ


Канат Субакожоев, Бишкек 2-октябрда Бишкектеги №1 Университет шайлоо чөлкөмүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн кайра шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Анда 18-сентябрдагы бул шайлоонун биринчи айлампасына катышкан алты талапкердин ичинен алдыга чыгышкан Болотбек Марипов менен Эркин Бөлөкбаев ат салышышты. Байкоочулардын баамында, шайлоого эл мурдагы шайлоолорго караганда бир топ эле аз катышты.

Быйылкы февраль-март айларындагы парламенттик шайлоодо №1-Университет шайлоо аймагынан экс-президенттин кызы Бермет Акаева атаандашы Болот Мариповдон көп добуш алып, жеңишке жетишкен эле. Бирок марттагы элдик ыңкылаптан кийин үгүт өнөктүгүндө мыйзам бузууларга жол берген деп БШК Бермет Акаеваны депутаттык мандаттан ажыраткан. Ушул себептен БШКнын чечими менен аталган аймакта кайрадан шайлоо өттү.

Бул шайлоого мурдагылардан айрымаланып, эл аз келди. Талапкер Эркин Бөлөкбаевдин өкүлү Самат Алиевдин айтымында, канткен менен шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолду:

- Бүгүн эртең менен саат тогузда Эркин Бөлөкбаевдин кадыр-баркын түшүргөн маклалар жазылган баракчалар таратылды. Ал жерде Бөлөкбаевди абдан жамандап жазышкан экен. Биз мындай баракчалардын сексен даанасын кармап, видео тасмага тартып алдык. Ал баракчаларды чөлкөмдүк шайлоо комиссиясына тапшырдык. Алардын айтымында, бул ишти баш прокуратура териштирет.

Ал эми талапкер Болот Мариповдун өкүлү Жеңиш Байгуттиев мындай баракчалар белгисиз адамдар тарабынан биринчи айлампада Болот Мариповго да каршы таратылганын белгилеп, бул күнкү баракчалар туурасында мындай деди:

- Балким Бөлөкбаевдин кадыр-баркын түшүргөн баракчаларды таркатуучу душмандары бардыр. Экинчи жагынан караганда, бул провокация да болушу мүмкүн. Бирок ал баракчанын мазмунун карап көргөндө, Бөлөкбаевди мазактамыш болуп, ошол эле учурда көтөрмөлөп жаткандай сезилет. Негизинен эле бүгүнкү шайлоодо ар түрдүү мыйзам бузуулар, ал тургай акча таратуулар болуп жатат. Муну мен шайлоонун шайтан ойундарыныны бири деп эсептейм.

Көз карандысыз байкоочу Нурлан Мукашов болсо, шайлоо мезгилинде орчундуу деле мыйзам бузуулар каталган жок дейт:

- Бүгнкү шайлоодо ачык түрдө мыйзам бузуулар катnалган жок. Жыйынтыгы адилетүү эле чыгат деп ойлойм. Бирок биринчи айлампага караганда шайлоочулар добуш берүүгө аз келип жатышат.

Участкалык шайлооо комиссиясынын төрөайымы София Токтомушеванын пикиринде, шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар каталган жок. Болгону студенттер паспорту жок, студенттик күбөлүгү менен добуш берүүгө келген учурлар болду. Бирок аларга участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүгө уруксат берилбеди.

БШКнын бул күнү кечки саат тогуздагы маалыматына караганда, шайлоого жалпы шайлоочулардын 32,4 пайызы катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгы 3-октябрда белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG