Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Түркия Евробиримдикке толук мүчө болоору талаш туудурууда


Евробиримдиктеги мамлекеттердин тышкы иштер министрлери кечээ кечинде Түркияны Евробиримдикке мүчөлүккө кабыл алуу боюнча чукул жыйын курушуп, бир пикирге келе алышкан жок. Анткени, Австрия Түркияны толук мүчөлүккө кабыл алууга каршы болгон. Улуу Британия мындай чечим мусулмандар менен христиандардын ажырымын күчөтөт деген көз карашта. Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Жек Строу: “Түзүлгөн кырдаал көңүлдү оорутат. Бирок мен макулдаша алабыз деп үмүттөнөм жана аны тилейм", - деди. Түркия болсо жарым-жартылай мүчө болуудан көрө андан баш тартаарын мурда билдирген. Евробиримдик Түркияны мүчөлүккө кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү бүгүн баштайт.

XS
SM
MD
LG