Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргыз өкмөтүнүн курамы толукталып калганы менен азырынча биринчи вице-премьер ким болоору белгисиз. Президент бул кызматка алгач үч адамды сунуштап, бирок кайра үчөөнүн тең талапкерлигин чакыртып алган. Саясий чөйрөдө бул кызмат Кулов менен Бакиев бир пикирге келе албай жатканынан улам бош турат деген божомолдор айтылууда.

Буга чейин коомчулукта вице-премьер-министрдин милдетин аткарып келген Данияр Үсөнов биринчи вицеликке көрсөтүлөөру тууралуу божомол көп айтылып жүргөн. 26-сентябрда президент бул кызматка үч адамды, анын ичинде Данияр Үсөновду да сунуштады. Бирок кокусунан Данияр Үсөнов менен Медетбек Керимкулов бул кызматтан өздөрү баш тартышты, аңгыча өкмөт үйүнөн үчөөнүн тең талапкерлигин чакырып алган кагаз келди. Ошондон бери бул кызматка ким отураары белгисиз.

Вице-премьер-министр Адахан Маудмаровдун айтымында, бул кызмат боюнча президент ушул күндөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кеңешип атат. Ал коомчулукта айтылып жүргөн Кулов менен Бакиев бир адамга токтой албай жатышат, деген пикирге мындайча жооп берди:

- Эгер Данияр Үсөнов бул кызматка келсе, Үсөнов утпайт, Кыргызстан утат. Ал эми жанагындай божомолдорго айтайын дегеним, азыр антип жеке пикир келишпестикке карап отурчу заман эмес. Азыр деген андай жеке мамилелерди унутуп, элдин кызыкчылыгы үчүн биргелешип иштеш керек.

Айрым байкоочулар биринчи вице-премьерлик кызмат кыргыз өкмөтүндөгү эң орчундуу кызмат болгондон кийин татыктуу адам келиши керектигин белгилеп жатышат. Бирок алар президент менен өкмөт башчы бир пикирге келе албай, тымызын тирешүү болуп жатат деген ойлорун айтууда. Алардын бири, мурдагы вице-премьер министр Базарбай Мамбетов мындай дейт:

- Премьер-минитср чынында экономикалык жактан анча жетик эмес. Андыктан бул кызматка экономиканы мыкты билген, стратегиялык жактан адашпаган адам келиши керек. Мен да баамдап атам, бул маселеде президент менен өкмөт башчы бир аз тирешип турушат окшойт. Бирок ушинтип атып, акыры татыктуу адамды алып келишсе болду.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев журналисттерге билдиргенге караганда, биринчи вице-премьерди президент ушул апта соңунда парламентке сунушташы мүмкүн.

Алгачкы үч талапкердин бири болгон Жантөрө Сатыбалдиев кептин баары президент менен өкмөт башчыда дейт:

- Кептин баары жогору жакта болуп атпайбы. Экөө тирешкен үчүн, бир адамга токтой албай аткан үчүн башында үчөөбүздү сунушташты да.

24-марттагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстанда беш вице-премьер болуп келген. Өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, биринчи вице-премьер жана вице-премьер гана калды. Ал эми вице-министрдин милдетин аткарып келишкен Ишенгүл Болжурова, Медетбек Керимкулов жана Данияр Үсөновго өкмөттүн кайсы бурчунан орун тийээри азырынча белгисиз.
XS
SM
MD
LG