Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Аба ырайы


БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 4-октябрда түнкүсүн Ысыккөл жана Нарын аймактарында жамгыр жаайт. Ал эми калган облустарда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24 градус жылуу. Баткен, Жалалабат, Ош чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +22...+27 градус. Ысыккөл ойдуңу боюнча түнкүсүн +5...+10, күндүз +11...+16 градус жылуу. Нарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +16...+21. Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн +10...+15 градус жылуу, күндүз +20...+25 градус.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы: түнкүсүн +12...+14, ал эми күндүз +22...+24 градус жылуу болот.

Кабарлар топтомун Бурулкан Турдубек кызы, Айданбек Акмат уулу жана жер-жерлердеги кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG