Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Нарында бейөкмөт уюмдар өлкөдөгү кырдаалды талкуулашты


НАРЫН. 3-октябрда болгон бул жыйындын өзөгү өлкөдө түзүлүп жаткан азыркы саясий жана экономикалык кырдаалга арналды. Анда “Алыр” уюмунун лидери Кенже Сатыбалдиева жаңы бийликтин ишеними кете баштагандыгын белгилесе, Кыргызстан Элдик Кыймылдын өкүлү Алымбек Акунов президент Бакиевдин тегерегинде үчүнчү күч пайда болгондугун билдирди. Жыйында март ыңкылабын алып келгендер өкмөт курамына кирбей калган кадрдык саясат, Акаевдин убагындагылардын дале Нарында иштеп жаткандыктары жаңы бийликтердин кемчиликтери катары сынга алынды. Эдил Байсалов болсо бийликти турукташтыруу үчүн жергиликтүү деңгээлде көбүрөөк иш алып баруу зарылдыгы келип чыккандыгын баса белгиледи. Ал эми жыйындын ишине катышкан президенттин адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун айтылган пикирлерге толук макул болгон жок. Ал ыңкылапты унутуп, эволюциялык жол менен кетүүгө чакырык салып, президенттин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына карата айтылган сөздөрдү калп, деп билдирди жана мамлекет күчтүү болоорун жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG