БИШКЕК. Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча жумушчу топтун кезектеги жолугушуусу 10-октябрда Өзбекстандын Фергана шаарында болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу кыргыз жумушчу тобунун башчысы Саламат Аламанов 3-октябрда билдирди. Анын маалыматы боюнча, буга чейинки сүйлөшүүлөрдө эки мамлекеттин чек арасынын 1037 чакырымы делимитацияланган. Ал эми чек аранын жалпы узундугу 1295 чакырым.