Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Конституциялык кеңешме өз ишин баштайт


БИШКЕК. Конституциялык кеңешме өз ишин кийинки жуманын башында баштайт. Бул тууралуу кеңешменин төрагасынын орун басары, «Интербилим» өкмөттүк эмес уюмунун лидери Асия Сасыкбаева 3-октябрда билдирди. Анын айтымында, кеңешме өз ишин «Аккеме» мейманканасында баштайт жана алгачкы жыйын кеңиртилген курамда болот. Конституциялык кеңешме март ыңкылабынан кийин түзүлүп, анын төрагалыгына Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев шайланган. Ал эми президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Текебаев төрагалыкты шайланган президент Курманбек Бакиевге өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG