Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:13

Университет шайлоо округунда Болотбек Марипов жеңүүчү деп таанылды


БИШКЕК. №1 Университет шайлоо округундагы шайлоонун 2-октябрда өткөн экинчи айлампасынын тыянактарына караганда, талапкер Болотбек Марипов 53,64 пайыз добуш алып, алдыңкы орунга чыкты. Ал эми анын атаандашы Эркин Бөлөкбаев 42,62 пайыз добуш топтоду. Шайлоонун экинчи айлампасына жалпы шайлоочулардын 33,38 пайызы катышты. Шайлоонун биринчи айлампасы 18-сентябрда өтүп, анда аталган эки талапкер шайлоого катышкан алты талапкерден Марипов 41пайыз, Бөлөкбаев 32 пайыз добуш алган. Аталган округда шайлоо экс-депутат Бермет Акаеваны БШК бир катар мыйзам бузуулар менен негиздеп, депутаттык мандатынан ажыраткандан кийин белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG