Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

«АККЕМЕ-ПИНАРА» МЕЙМАНКАНАСЫ – ТАЛАШ СОТТО УЛАНУУДА


Кыргызстандын тышкы карыздарын кайтаруу мөөнөтүн артка жылдыруунун шарты катары Түркия өкмөтү «Аккеме-Пинара» мейманканасынын айланасындагы талаштуу маселени укуктук негизде чечүүнү коюуда. Бишкектин райондор аралык экономикалык маселелерди караган соту 1998-жылкы «Аккеме-Пинара» мейманканасын банкрот деп жарыялаган мурдагы сот чечимин жокко чыгарды.

Бишкектеги аймактар аралык экономикалык сот чечиминен аз өтпөй Ленин райондук, ушул жылдын 30-августунда болсо шаар соту 2004-жылкы кыргыз өкмөтү менен түркиялык «Систем мюхендислик» компаниясынын ортосундагы келишимди жокко чыгарды. Шаар сотунун чечимине нааразы болгон каржы министрлигинин статс-катчысы Эмирлан Төрөмырзаев Кыргызстандын Жогорку сотуна арыз менен кайрылып, аны жокко чыгарууну талап кылууда.

Э.Төрөмырзаев «МСН» гезитинин 27-сентябрдагы санында жарыяланган «Аккеме-Пинара» мейманканасынын акысын ким төлөйт?» деген маегинде эгер талаштуу маселе укуктук негизде чечилбей созула берсе түркиялык тарап эл аралык сотко кайрылып, андан утуп алары айкын иш экендигин эскерткен. Анын ырасташынча, оболу мейманкананы банкрот деп жарыя кылып, түрк тарабы алган милдеттенмелерин аткарбаса сот аркылуу түзүлгөн келишимди жокко чыгарып, атайын башкаруучу дайындап, ал аркылуу түрк, кыргыз ишкерлери, өкмөт, малайзиялыктар канча каржы жанынан чыгарганын так эсептеп, андан соң алынган кредитти кайтаруучу биргелешкен ишкана түзүү туура болор эле.

Бирок мындай пикирге кыргыз-малайзиялык «Аккеме» биргелешкен ишканасынын жетекчиси Руслан Сарымсаков макул эмес. Анын маалымдашынча, мейманканага ээ чыккан түркиялык ишкерлер бир канча миң сомду салыктан жашырып келишкен:

- Бүгүнкү күнгө чейин 339 миллион 368 миң сом салыктан жашырып коюшкан. Бул беш жылдан берки гана иш. Бул расмий аудитордук текшерүүдө аныкталган, анын жыйынтыгы шаардык прокуратурага берилген.

Руслан Сарымсаков мейманкананын курулушуна жумшалган чыгымдын ордун биз толтурабыз, деп маалымдады:

- Биз төлөйбүз. Ишке киришкенден бир айдан кийин 600 миң сом акча алып келсек каржы министрлиги аны албай койду. Андан чыгып биз башкы прокурорго келдик, Азимбек Бекназаровдун кийлигишүүсүнөн кийин гана бизден акчаны алышты. Бул аралыкта биз 2 миллионду казыналыкка котордук. Бирок ал акчанын азыр кайда экенин билбейбиз.

Каржы министрлиги 126 миң доллар акчаны кабыл албай отурат, деп билдирди Р. Сарымсаков. Карыз акчаны төлөөгө даяр экенин мейманкана жетекчисинин орунбасары Курчубек Доспаев да ырастады:

- Биз төлөөгө даярбыз. Эмне дегенде, бул кредит өкмөттүн гарантиясы менен келген. Мына, 1996-жылдан 1999-жылга чейин 1 миллион 300 миң доллар ошол кредитти төлөөнүн эсебинде Улуттук банк аркылуу каржы министрлигине төлөнүп берилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ошол акчанын 209 миңин гана булар алдык дешет да, 1 миллион 100 миңге жакын доллар жок. Бирок бизде бүт документтер бар.

«Аккеме-Пинара» мейманканасынын юристи Лейла Байдаева шаар сотунун чечимин Жогорку сот жокко чыгара элек. Ошондуктан Р. Сарымсаков мейманкананы ээлеп алды, деген сөз туура эместигин, «Аккеме-Пинара» кыргыз-малайзиялык биргелешкен ишкананын мүлкү экенин билдирди:

- Чын-чынына келгенде укуктук жагынан мейманканага кыргыз-малайзиялык «Аккеме» биргелешкен ишканасы гана ээ.

Мейманкананын айланасындагы талаш дагы кыйлага созулчудай. Ага кыргыз-түрк өкмөттөрү да аралашып, чарбалык талаш барып-келип саясий өң-түс алганы калды окшойт.

XS
SM
MD
LG