Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

ҮЧ ЛИДЕРДИН НЕБЕРЕЛЕРИ ЖОЛУКТУ


Мындан алтымыш жыл мурда Ялтадагы тарыхый конференцияда Уинстон Черчилль, Франклин Рузвельт жана Иосиф Сталин дүйнөлүк экинчи согуштан кийинки Европанын тагдырын чечишкен эле. Алардын неберелери Голландиядагы Маастрихт университети уюштурган илимий жыйында өткөн ишемби күнү биринчи ирет жолугушту. Үч лидердин урпактары Ялта конференциясын жана анын жыйынтыктарын коргошту.

Ишемби күнкү жолугушууда дүйнөлүк экинчи согуш маалындагы союздаш үч лидердин неберелери Ялта конференциясына байланыштуу бир катар көз караштарды четке кагышты. Баарыдан мурда Уинстон Черчилль менен Франклин Рузвельт учурунда Иосиф Сталиндин кыйдылыгына жеткире маани бербей, алданып калышкан, ошондуктан орто жана чыгыш Европа жарым кылым бою советтик кысым-кысмакта калган, ”кансыз согуш” башталган деген пикирди алар тарыхый чындыкка коошпогон кеп дешет.

Көп кишилер Черчилль, Рузвельт жана Сталин Европанын тагдырын чечкени Ялтага актай барак менен келгенсип ойлошот, - деп айтты Уинстон Черчилль III.

- Мындай түшүнүктө кылайган да чындык жок. Европанын тагдырын Ялтадагы жыйынга чейин эле Кызыл Армия чечип койгон эле. Жүздөгөн советтик дивизия Вермахттын армиясын сүрүп, орто жана чыгыш Европадагы көп өлкөлөрдү алып, батышка көздөй илгерилеп бараткан. Европанын тагдыры ошондо эле чечилип бүткөн.

Быйыл жыл башында Польшанын президенти Александр Квасниевский Ялтадагы конференциянын чечими европалыктар үчүн “касирет жана балаамат” болгонун айткан эле. АКШнын президенти Жорж Буш да өз сөзүндө Ялтадагы жыйындын натыйжасында майда өлкөлөр көптөгөн жылдар бою жабыр-жапа чегип, репрессияга туш келгенин белгилеген. Америкалык президенттин бул сөздөрүн Франклин Рузвельттин небереси Куртис Рузвельт сынга алды. Ялта дегенди жаман сөздөй көрүп, ага акаарат келтирген көп кишилердин, алардын ичинде президент Жорж Буштун сөздөрү, Куртис Рузвельттин айтымында, жеткен жоопкерсиздиктин белгиси.

Үч лидердин неберелери жолугушуу маалында алардын чоң аталары бирин-бири кандай баалашканын да эскеришти. Уинстон Черчиллдин небереси чоң атасынын укумчул бир сөзүн келтирип, Сталинди ал крокодилге окшош – не жылмайганга, не ап этип жутуп салганга камынып жатабы, эч качан биле албайсың, деп айтканын эске салды.

Евгений Жугашвили он жашка келгенде гана Иосиф Сталин анын чоң атасы экенин билген. Фронттогу жеңиштерге шыктанган Сталин Ялтадагы конференцияда өзүн өтө ишенимдүү сезген болуу керек деген ырастоого ал макул болду. Черчиллдин чукугандай сөз тапкан тапан киши болгонун да моюнга алды.”Бирок Сталин бөлмөгө кирип келгенде эмнегедир ордунан ыргып туруп, солдатча какая калчу экен. Эмне үчүн антти экен, таң калам”, - деп айтты Жугашвили.

Евгенийдин атасы согушта нацисттерге колго түшүп калганда аны вермахттын генералына айырбаштап алуу сунушун Сталин четке каккан дешет. Буга карабастан Евгений чоң атасынын дүйнөлүк экинчи согуш маалындагы ишмердигин жогору баалап, ал тууралуу көз карашын өзгөртпөй турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG