Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:17

АКШ армиясы Ирактын батышында согушкерлерге каршы операция жүргүзүүдө


АКШ армиясы операцияны Сирия чек арасына жакын аймакта жүргүзүүдө. "Ал-Каиданын" согушкерлери менен менен ирактык козголоңчулардын турумдары делген жерлерге абадан сокку урулуп жатат. Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, ишембиден бери отуз алты согушкер жок кылынган. Мунун аралыгында АКШ армиясы "ал-Каида" менен байланышы бар Интернет сайттын козголоңчулар операцияга тартылган эки америкалык аскерди колго түшүрдү делген маалыматын төгүндөдү. Ал эми башкаала Багдадда Ирактын мунай министрине кол салынып, ал кокустан аман калды. Министрдин автокербени кетип бара жаткан кезде жол боюндагы бомбанын жарылуусунан анын үч жансакчысы мерт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG