Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:23

Индия жана Пакистан баллистикалык ракеталарды сыноо боюнча макулдашуу кабыл алды


Ага ылайык, Индия жана Пакистан мындан ары баллистикалык ракеталарды сыноо алдында бири экинчисине күн мурунтан эскертип турат. Мындай макулдашууга бүгүн Исламабадда Индиянын тышкы иштер министри Натвар Сингхтын иш сапары учурунда кол коюлду. Бул өзөктүк куралы бар эки коңшунун ортосундагы тынчтык жараянын ишке ашыруудагы маанилүү документ деп эсептелет. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Натвар Сингх менен Куршид Касуринин бүгүнкү сүйлөшүүлөрүнүн соңунан ошондой эле эки өлкөнүн жээк кайтаруу кызматтарынын ортосунда байланыш түзүүнү караган макулдашууга да кол коюлду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG