Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:06

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ КИЙИНКИ ЖУМАДА ИШИН БАШТАЙТ


Конституциялык кеңешме ишин кийинки жумада улантаары кабарланууда. 23-сентябрда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда өлкөнүн президенти кеңешменин мүчөлөрүнүн саны көбөйтүлөөрүн билдирген. Кеңешмеде кандай талаш-тартыштар чыгышы ыктымал?

Март ыңкылабынан кийин Конституциялык кеңешмени түзүү тууралуу чечимди Жогорку Кеңеш 25-апрелде кабыл алган. Анын курамынын жарымы бийлик органдарынан, калган бөлүгү атуулдук коомдун өкүлдөрүнөн түзүлүп, жалпы саны 114 болгон. 28-апрелде кеңешме алгачкы отурумга чогулган. Андан кийин президенттик шайлоого чейинки жыйындарда кеңешме Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу долбоорду иштеп чыгып, аны калктын талкуусуна койгон.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым-укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаевдин билдирүүсүнө караганда, учурда элден түшкөн сунуштар иликтенүүдө.Мына ошол сунуштардын жана мурда иштелип чыккан долбоордун негизинде Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча долбоор иштелип чыкмакчы. Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары, «Интербилим» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын билдирүүсүнө караганда, кеңешме өз ишин келерки жуманын башында “Ак кеме” мейманканасында баштамакчы.

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн пикиринде, кеңешменин ишинде бир катар талаштуу маселелер чыгышы ыктымал. Ал тууралуу кеңешменин мүчөсү Кубан Мамбеталиев буларды билдирди:

- Талаш-тартыштар чыгат. Маселен, Улуттук коопсуздук кызматы деген бар. Аны өкмөттүн курамына киргизиш керекпи, же жокпу? Коомчулук тараптан ага көзөмөл болобу? Анан ошондой эле башкы прокурордун статусу кандай болот, өзгөрөбү же өзгөрбөйбү? Андан сырткары сот органдары боюнча талаш-тартыш болгон жана дагы да болору айкын. Президент менен премьер-министрдин ортосунда бийлик бөлүштүрүү маселеси негизги бөлүк болот жана ал дагы кайра каралат.

“Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин пикиринде, кеңешме мурунку долбоордун негизинде ишти улантыш керек:

- Жаңы долбоор түзүлбөш керек. Биздин оюбузча, 2005-жылы апрелде түзүлгөн Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоордун негизинде өзгөртүүлөр киргизилиш керек. Анда бийлик бутактарынын ортосунда ыйгарым укуктар тең бөлүнүп, ар бир бутак өз иши менен алек болуш керек.

Конституциялыук реформаны жүргүзүүдө шашпаш керек деген “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидери Муратбек Иманалиев алгач 1993-жылкы Конституцияны анализдеп көрүү туура дейт:

- Менин оюмча, биринчиден эксперттик топ түзүш керек. Ага юристтер кирип, чет өлкөлөрдөн адистерди чакырсак болот. Эксперттик топ ишин 1993-жылкы Конституцияны иликтеп, анын жакшы-жаман жагын караштырыш керек. Андан кийин Монголия, Румыния, Казакстан, Финляндиянын Конституциясын анализдеп чыгыш керек.

Ошондон кийин гана Кыргызстан үчүн кандай бийлик системасы ылайыктуулугун изилдеп тактап, элге алып чыгыш керек, дейт Муратбек Иманалиев.

Маалым болгондой, Конституциялык кеңешменин төрагасы президент Курманбек Бакиев кеңешменин мүчөлөрүнүн саны көбөйтүлүп, аны 200гө жеткирүү каралып жатканын билдирген. Иманалиевдин пикиринде, кеңешменин 114 мүчөсү да көптүк кылып, ошондуктан ал натыйжалуу иштей алган эмес. Алардын саны дагы көбөйтүлсө, жемиштүү талкуу жүргүзүү дагы кыйындайт. Андан сырткары, азыркы конституция президент үчүн ыңгайлуу. Ошондуктан президент аны сактап калууга аракет жасайт, деп эсептейт Муратбек Иманалиев.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG