Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:09

ЫСЫККӨЛДҮК ДЫЙКАНДАРДЫН КӨЙГӨЙҮ


Дыйкандардын өндүргөн продукциясын убагында сатып өткөрүү үчүн быйыл Ысыккөл облусу Казакстанга кербен жөнөткөн. Мындай жөролгөдөн көлдүктөр чыгаша болбогону менен экинчи жолу аны уланткандар болгон жок.

2005-жылдын апрель, май айында Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясы 5 млн. акча бөлүп, ал жергиликтүү элдин айыл-чарба азыктарын сатып алып, өткөрүү үчүн атайын түзүлгөн базага сарпталган. Ысыккөл облусу быйыл биринчилерден болуп, республиканын чегинен сырткаркы аймактарга продукция сатуу үчүн кербен уюштурганы тууралуу губернатордун орунбасары Кабылбек Жумалиев буларга токтолду:

- Биздин негизги максат - элдин продукциясын сатып берүү. Андан пайда табуу деген ойдон алыспыз. Ошол эле учурда кербенге элден карагат сатып алып, кошулган адамдар болду. 25 тоннага чейин картошка, 10 тоннага жакын карагат, 20 тоннага жакын өрүк, ошондой эле бал алынды. Эмне продукция өндүрүлсө ошолорду алып барууга жол ачылган. Барган продукция зыян тарткан жок.

Бирок облустун кайсы районуна барбайлы дыйкандар продукцияларын аталган базага тапшырбай эле машакаттуу болсо дагы Бишкек, Алматыга, же болбосо жергиликтүү базарларга өткөрүп атканын айтышты:

- Тоннага деле чыкпайт. Буюрган баа менен сатып атабыз. Киреше бир аз болот, чай, тамак-ашка жарайт, - дейт Бишкекке алма алып бараткан жетиөгүздүк Насипа Асанбаева.

Ал эми Ананьево айылынын тургундары болсо, сатып алуу базаларынын койгон баасына ыраазы болбогондугун мындайча билдиришти:

- Кербенди айылдын продукциясынын баасын өстүрүү боюнча уюштурушуптур. Администрация бааны көтөрөбүз деп КАМАЗдарды токтотуп, өйдөрөөк баа менен алышты. Бирок казактардын бажы өтмөгү абдан жаман экен. Экинчи кайрылып барбайбыз деп, администрациянын кишилери өздөрү айтып келишти.

Нургүл Абдыкасымованын мындай пикирин караколдук Дилбара Султаналиева казактардын бажы кызматы гана чыгашага тарттырып жаткандыгы менен улады:

- Айыл чарба продукциясы бышып аткан кезде Казакстандын бажыканасы чегараны жаап салышат. Ошондуктан бул жактагы жергиликтүү элдин продукциясы өтпөй, баасы төмөн болуп калат. Былтыр карагаттан аябай начар болдук. 5 миңден 10 миңге чейин күйдүк. Анткени Алматанын бажысын жаап салган.

Ал эми малина жемиштеринен кол жууган Нургүл Абдыкалыкова кыргыз-казак бажы өтмөгү көзөмөлгө алынса деген оюн айтат:

- Үч күн бажы өтмөгүн ачышат, анан ар кандай себептер менен кайра жаап салат. Көптөгөн себептер менен, баңгизатын кармадык дешет, же биздин чоңдор менен алардын чоңдору келише албай калабы, иши кылып жаап салышат. Эки дөө кармашса ортодо кара чымын кырылат болуп, эл кыйналып калат ошол мезгилдерде.

Элеттик дыйкандардын өз продукциясын сатуудагы бул көйгөйүн кыргыз-казак бажы кызматынан сураштырганыбызда, быйылдан баштап Казакстандын президентинин жарлыгы боюнча жеке адамдар 5 тоннага чейинки продукциясын бажы өтмөгүнөн акысыз алып өтүүгө укуктуу экен. Ал эми көлдүктөрдүн Алматыга кеткен жол аркылуу азык сатып алуу мүмкүнчүлүгү Кыргызстанга тиешелүү 15 чакырым гана жолдун сапатсыздыгы менен чектелип жатыптыр.
XS
SM
MD
LG