Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:29

АКШ Конгрессине Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду Эл аралык сот жообуна тартуу тууралуу резолюциянын долбоору киргизилди. Анда үстүбүздөгү жылдын май айында Анжиян коогалаңындагы кыргын үчүн БУУ тарабынан өзбек президентинин жоопко тартылуусуна АКШ болгон аракетин жумшоосу керек деп айтылган. Ислам Каримовду жоопко тартуу тууралуу Конгресстин бул сунушу кыргыз коомчулугунун бүйүрүн кызытып, ар кыл пикирлерди пайда кылды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан буга чейин да бир нече жолу Анжиян коогалаңы боюнча эл аралык көз карандысыз иликтөө жүргүзүү тууралуу маселе көтөрүлүп келген. АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Шон Маккормак жакында эле журналисттерге Буштун администрациясы Анжиян окуясы боюнча эл аралык көз карандысыз иликтөө жүргүзүү тууралуу талап коюуну улантып жаткандыгын билдирди. Мындан тышкары ушул тапта Люксембургга чогулган Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Өзбекстанга курал-жарак берүүгө тыюу салды.

Өткөн жумада АКШ Конгрессинин эл аралык мамилелер палатасына келип түшкөн мыйзам долбоорунда май айындагы кан төгүү боюнча Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду жоопко тартуу тууралуу маселеси да камтылган. Анда конгрессмендер Жорж Буштун администрациясынан БУУнун Коопсуздук кеңеши бул маселени Эл аралык кылмыш сотуна өткөрүп берүүсүнө аракет кылуусун талап кылышкан. Мындан тышкары Конгресс АКШ өкмөтү тарабынан Өзбекстандын Ханабад шаарындагы база боюнча өзбек өкмөтүнө каражат төлөөнү улантуусун колдобой тургандыгын да билдирген.

Өзбек президентинин эл аралык коомчулук жана АКШ Конгресси тарабынан мындай кескин сынга алынып, сот жообуна тартууга сунушталып жатканы кыргыз коомчулугунда да түрдүү пикирлерди жаратууда. Биз сөзгө тарткан маектештерибиздин дээрлик бардыгы диктатордук режими үчүн президент Каримовду айыпташты. «Демократия жана атуулдук коом» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов бул демилге аягына чыгаарына ишенээрин билдирди:

- Менин оюмча, америкалык 2-3 конгрессмен тарабынан көтөрүлүп жаткан демилге эртеби-кечпи аягына чыгат. Ислам Каримов да, анын бейкүнөө элдин канын төккөн желдеттери да бардыгы жооп берет. Бул үчүн тарых, өзбек эли эч качан Ислам Каримовдун кылмышын кечирбейт.

Демократиялык башкаруу жолуна түшкөн өлкө катары Өзбекстан да эгемендикке жетишкенден кийин БУУга мүчө болуп кирип, эл аралык бир катар конвенцияларга кол койгон. Ошондуктан Өзбекстан бийлиги Анжиян окуясында күнөөсүз элдин кырылгандыгы үчүн жооп берүүгө тийиш. Мындай пикирди “Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын аткаруу комитетинин төрагасы Алишер Абдымомунов айтты. Анын сөзү боюнча, май айындагы кыргын үчүн Ислам Каримов өзбек элинин алдында жоопкер:

- Анжиян облусу Ош облусу менен коңшу жайгашкан. Анжиян окуясында кырылган элдин саны азыркы айтылып жүргөн сандан бир топ эсе көп экендиги тууралуу, атылган адамдардын чогуу көмүлгөн мүрзөлөрү бардыгы тууралуу түрдүү сөздөр айтылып жүрөт. Эгер ошол сөздөрдүн бир-экөө эле туура болсо, Ислам Каримов кудайдын алдында, өзбек элинин жана эл аралык келишимдерге кол койгон жанан БУУга мүчө өлкөнүн жетекчиси катары албетте жооп берүүгө тийиш.

Эл аралык серепчилердин айтымында, Анжиян окуясы Өзбекстанда ансыз деле араңжан турган демократияны биротоло чөктүрүп жок кылды. Өзбек бийлигинин куугунтугу менен өлкөдөгү эл аралык маалымат каражаттары, укук коргоочулар, эркин журналисттер ишин токтотууга же башка мамлекеттерге башпаанек сурап кетүүгө мажбур болуп атышат.

Учурда чет өлкөлөрдүн биринде качкын макамын ала албай жүргөн журналист жана укук коргоочу Толкун Караевдин айтымында, Анжиян окуясы тууралуу ачык маалымат эл аралык ММК жана эркин журналисттер тарабынан чагылдырылган. Ошондон улам, өзбек бийлиги журналисттерди Анжиян окуясынын уюштуруучулары, деп күнөөлөөгө чейин барып жатат:


- Анжиян окуялары эл аралык журналисттер тарабынан туура чагылдырылып жатты. Алар өздөрүнүн эрдигин көрсөтүштү. Ошондуктан, өзбек бийлиги өзүнүн күнү бүтүп калгандыгын түшүнүп, акыркы күчү менен бийликти сактап калууга аракеттенип жатат. Алар журналисттерди куугунтуктоо менен гана чектелбестен, Анжиян окуясынын уюштуруучулары деп күнөөлөгөндөн да уялышкан жок. Анжиян окуясы жөн жерден эле чыга калган жок. Бул элдин жашоосунун начардыгынан, бийликке болгон кыжырдануусунан улам келип чыккан социалдык жарылуу болду.

Айрым пикирлер боюнча, өзбек президентин сот жообуна тартуу АКШ конгрессмендери же башка бир эл аралык уюмдар тарабынан ишке ашырылбаса, өзбек коомчулугунун буга күчү жетпейт. Атын атагысы келбеген өзбекстандык журналист Ислам Каримовдун режими кулашына аз калды деген ойдо:

- Өзбекстандын азыркы президенти өзбек элинин гана эмес, бүтүн дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөрдүн алдында баш оору болуп аткандай. Ислам Каримовдун куралсыз элге ок атып, кан төккөнү өзүнүн башына тийип атат. Евробиримдик тарабынан Өзбекстанга курал-жарак, жана башка жардамдарды берүүгө тыюу салынса, эми АКШ Конгрессинин Каримовду эл аралык сот жообуна тартуу тууралуу резолюциясы сунушталды. Эми БУУ, эл аралык уюмдар, АКШ бийлиги Конгресстин резолюциясын колдоп-кубаттап берүүсү зарыл.

Үстүбүздөгү жылдын 13-майында болгон Анжиян окуясында расмий маалыматтар боюнча, 187 адам, ал эми укук коргоочулардын айтуусунда, 700 дөн ашуун адам курман болгон.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG