Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

ТҮРКИЯ ЕВРОБИРИМДИК МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮН БАШТАДЫ


Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөр расмий башталды. Буга арналган кыска салтанат дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү Люксембургда өттү. Анын алдында тараптар өз ара пикир-келишпестиктерин четтете алган макулдашууга жетишкен эле.

Ошентип, Анкара 40 жылдан ашуун мезгилден бери күткөн окуя ишке ашып олтурат. Евробиримдиктин дүйшөмбүнүн түнүндөгү чечими азыркы 70 миллион калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Түркия кайсыл бир күнү уюмдун толук кандуу мүчөсү болуусуна реалдуу мүмкүнчүлүк тартуулоодо.

Алгач дүйшөмбү күнү сүйлөшүүлөрдүн ачылышына арналган салтанат белгиленген мөөнөттө башталган эмес. Буга Австриянын Түркияга уюмдун толук мүчөлүк мүмкүнчүлүгү берилишине каршы туруп, анын орудуна артыкчылыгы бар өнөктөштүк статусу ыйгарылышын сунуш кылышы жүйөө болгон. Түркиянын лидерлери болсо толук мүчөлүктөн башканы кабыл албасын айтып жатышкан эле.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери ич ара отуз саатка созулган интенсивдүү сүйлөшүүлөрдөн кийин гана мунаса таба алышты. Натыйжада Австрия өз талабынан баш тартууга көнгөн.

Ал эми Анкара каршы турган маселелердин бири - Евробиримдиктин декларациясында Түркия ага мүчө өлкөлөрдүн эл аралык уюмдарга кирүүсүнө тоскоолдук кылбайт, деп белгилениши эле. Түркия муну ал өзү расмий тааный элек коңшу Кипрге НАТО уюмуна кошулуу мүмкүнчүлүгүн тартуулоо катары чечмелеген. Бирок мындай кепилдик зарыл экендигине түрк бийликтерин телефон сүйлөшүүсүндө АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс көндүргөндөй. Айтор жогорудагыдай пикир-келишпестиктердин соңунда Анкара да Евробиримдиктин сунушун кабыл алып, түрк тышкы иштер министри Абдулла Гүл Люксембургка дүйшөмбүнүн түнүндө учуп келди.

Ал пресс-конференцияда сүйлөшүүлөрдүн башталышын "тарыхый" окуя катары мүнөздөп, натыйжада андан эки жак тең пайда таба аларына ишеним билдирди:

- Түркия көздөгөнүнө - Евробиримдиктин толук кемелдүү мүчөсү болуу келечегине жетти. Буга альтернатива жок. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Түркия өзүн жакшы жагынан көргөзөт жана мен биз жалпы макулдашууну кабыл алуучу күн келет деп ишенем. Милдет өтө татаал экенин баары билишет, бирок биз кыйынчылыктарды жеңебиз. Кыйынчылыктарга Түркия эле туш келип жаткан жери жок. Башка өлкөлөр да сүйлөшүүлөрдө ушундай эле кыйынчылыктар менен коштолгон жараянды баштан кечирип, макулдашууларга кол коюшкан.

Ал эми Евробиримдиктин кеңейүү маселесин тейлеген комиссары Олли Рен сүйлөшүүлөрдүн ачылышын эки өлкө ортосундагы жаңы доордун башталышы катары баалап, тараптар эми артты эмес, алдыны караш керектигине токтолду:

- Биздин Түркия менен алакабызда жаңы доор башталууда. Акыркы айлар менен жумалар оңой эмес болгонун баарыбыз билебиз. Бирок эми натыйжада Түркия менен бүткүл Европанын жакшы келечегине жетишүү үчүн бизде жаңы этапты баштоо жана сүйлөшүүлөрдүн башкы темасына көңүл буруу мүмкүнчүлгү бар.

Жогорудагыдай оптимисттик билдирүүлөргө карабай, эки тарап али узун жолду басып өтөрү анык, соңунда Түркия ийгиликке жетпей калышы да мүмкүн. Сүйлөшүүлөр он жылга чейин созулары күтүлүүдө. Түркияга мүмкүнчүлүк берилип жатканы менен али ал саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүшү абзел. Бардык жараяндардан өткөн күндө да Түркияга акырында айрым бир жагымсыз жагдайларды кабыл алууга туура келчидей. Маселен Евробиримдик азыр эле Түркиянын жумушчу күчүнө өз рыногун толугу менен ачпасын бышыктады. Мындан сырткары Евробиримдикте ички чек араларды жойгон Шенген макулдашуусуна Түркия эч качан кошула алчыдай эмес.

Акырында азыр Түркиянын колунда ал Евробиримдиктин мүчөсү болот деген кепилдик жок. Сүйлөшүүлөрдүн соңунан анын мүчөлгүн уюмдагы бардык өлкөлөр жактырышы абзел. Айрымдары, маселен, Франция бул боюнча атайын референдум өткөрөрүн да жарыялаган. Француз президенти Жак Ширак сүйлөшүүлөрдүн башталышын кубаттап, бирок Түркияга "ири маданий революцияны" баштан кечирүүгө туура келерин белгиледи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG