Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Ошто күйдүргү илдети жайылууда


ОШ. Бул жөнүндө “Азаттык” радиосунун кабарчысына билдирген облустук санитардык көзөмөл борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаев күйдүргү оорусунун Карасууда 7, Араван районунда 2 учуру катталганын кабарлады. Акылбек Исаевдин айтымында, алгач күйдүргү илдетинин таралышына Карасуу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Кайрат участогунда ооруп калган малдын союлуп сатылгандыгы себеп болгон. Райондук оорукананын дарыгерлери ылаңдаган малдын этин пайдаланган адамдардын чөйрөсү иликтенип, жалпысынан төрт киши мал союуга катышкандыгы аныкталгандыгын билдиришти. Кайрат участкасында жашаган 74 адам атайын текшерүүдөн өткөрүлүп, эмдөө жүргүзүлүүдө. Учурда аталган аймакта карантин жарыяланып, райондун базарында эт жана сүт азыктарын сатууга көзөмөлдү күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG