Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

Аскерге чакыруу башталды


БИШКЕК. Учурда Кыргызстанда 18 жаштан 27 жашка чейинки уландарды аскерге чакыруу иш-чарасы башталды. Коргоо министрлиги тарабынан күз айларында өлкөдө кызмат өтөөгө 3 миң адам аскерге чакыртылат. Алар Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагны чекара кызматында, Улуттук гвардияда, ошондой эле башка ички кызматтарда аскердик милдетин өтөшөт. Ал эми 8 миң аскер альтернативалык кызматка чакыртылат. Бул тууралуу куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын аскерге чакыруу жана аскер бөлүктөрүн камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси Салмоорбек Шопоков билдирди. Аскердик-медициналык комиссиянын маалыматы боюнча, аскерге чакыртылган уландардын 40 пайызынын саламаттыгы канааттандырарлык эмес. Кийинки жылы Кыргызстанда жоокерлердин кызмат өтөө мөөнөтү 1 жылга кыскартылышы күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG