Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

Аялдарга бийлик органдарынан орун бөлүү маселеси козголууда


БИШКЕК. Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар парламентте жана өкмөттө аялдар үчүн атайын квоталарды киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке сунушташат. Бул тууралуу 4-октябрда «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунан «Азаттыкка» билдиришти. Уюмдун өкүлдөрү белгилешкендей, Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү учурунда да аялдар үчүн квота киргизүү маселеси козголот. Ал эми Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушталып жаткан долбоордо каралгандай, эгерде февраль айында парламентке пропорционалдык системанын негизинде кошумча шайлоо болсо, партиялык тизмелерде экинчи орунга аялдарды сунуштоо демилгеси көтөрүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG