Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Университет шайлоо округунда мыйзам бузуулар болдубу?


БИШКЕК. Бишкектеги №1 Университет шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлигин койгон Эркин Булекбаев округда шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү деген пикирин 4-октябрда «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда билдирди. Анын айтымында, шайлоодо жеңип чыккан Болот Марипов тарабынан шайлоо учурунда ыплас ыкмалар пайдаланылды. Бийлик тарабынан ага каршы административдик ресурс иштетилди. Булекбаевдин пикиринде, бул ирет Болот Марипов тарабынан буга чейин Бермет Акаева пайдаланган мыйзамсыз иш-аракеттердин баары колдонулду. Ал эми ушул эле күнү Болот Марипов «Азаттыкка» аталган округда шайлоо мыйзам чегинде өтконүн жана кандайдыр бир ыплас технологиялар пайдаланбагандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG