Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Индонезияда ишембиде болгон жардыруу боюнча эч ким камакка алына элек


Индонезиянын Бали аралында 1-октябрда ишке ашырылган үч террор аракети менен байланыштуу тергөө иштери уланууда, ондогон адам суракка алынды, бирок эч ким камакка алына элек. Полициянын айтымында, жардырууларды качып жүргөн Азахари бин Хусин менен Нурдин Топ деген эки адам уюштурган болуш керек, алар "Жемаа Исламия" деген уюмдун мүчөлөрү жана ал уюм "ал-Каида" менен байланышкан. Анткен менен "Жемаа Исламиянын" руханий жетекчиси Абу Бакр Башар жардырууларды сынга алды. 2002-жылы дагы Бали аралында ири жардыруу болуп, андан 202 адам набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG