Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:01

ЕВРОБИРИМДИК-ТҮРКИЯ: ЖОЛДУ БАСКАН АРБЫТАТ...


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 4-октябрда Еврошаркет менен Түркия өлкөнү уюмга кабыл алуу тууралуу сүйлөшүүлөрүн башташты. Түркия менен кошо уюмга кирүү сүйлөшүүлөрүн Хорватия да баштады. Саясий байкоочулар уюмга кирүү арызын мындан 42 жыл илгери эле тапшырган Түркияны 10 чакты жыл созула турган татаал сүйлөшүүлөр күтүп турганын айтып жатышат. Сүйлөшүүдө Түркия Еврошаркеттин 35 главадан турган мыйзамдарын кандайча киргизип, кандайча аткарып жаткандыгы териштирилет. Түркияны уюмга кабыл алуу үчүн шаркетке мүчө бардык өлкөлөр бири калбай макул деген добуш берүүсү керек. Бир эле өлкөнүн вето койушу Түркиянын Еврошаркетке киришине кедерги болуп калышы мүмкүн.

Түркия көптөн самаган максатына жетип, Еврошаркетке кирүү сүйлөшүүлөрүн баштады. Сүйлөшүүлөр уюмдун айрым өкүлдөрүнүн айтымында, 10-15 жылга созулушу мүмкүн. Бул жылдардын аралыгында Түркия Уюмга кирүү шарттарынын бирин калбай аткарышы керек. Белгилүү түркиялык серепчи Мехмед Али Биранд сүйлөшүүлөр эң татаал боло турганын жана 3-октябрда Австрия чыгарган дискуссияга окшогон кайчы пикирилер, таарынуу, сүйлөшүү үстөлүн таштап чыгып кетүү сыяктуу окуялар алдыдагы жылдарда арбын боло турганын эскертет.

Еврошаркет дипломаттарынын бири сүйлөшүүлөр илимий изилдөөлөр, статистика, маданият жана билим берүү сыяктуу эң жеңил суроолордон башталып, экономика, айыл чарба сектору, адам укуктары, улуттук азчылыктардын абалы сыяктуу татаал темалар эң соңунда талкууга алына тургандыгын айтты. Бирок Түркиянын Берлиндеги, Бээжиндеги жана Аммандагы мурдагы элчиси, Анкаранын Билкент университетинин профессору Резат Арим сүйлөшүүлөрдө көп маселе болбосун божомолдойт:

- Еврошаркетке кирүү биздин негизги максаттарыбыздын бири болуп келген, биз бул маселелердин үстүндө Ататтүрктүн убагынан бери иштеп келатабыз. Мисалы биз Швейцариянын жарандык кодексин алып, жаран жана үйбүлөгө тийешелүү маселелерде 1926-жылкы мыйзамдарды колдонуп келатабыз.

Ошону менен катар эле дипломат экономикалык тармакта да көп проблема күтүлбөй турганын белгилейт:

- Биз Еврошаркет менен бажы биримдигине 1996-жылы эле киргенбиз, уюмга кирүүгө талаптанган бир да өлкө ага кирүүдөн мурда бажы биримдигинде болуп көргөн эмес. Бажы биримдигине мүчө болгонубуз үчүн шаркетке кирүү сүйлөшүүлөрүндө экономикалык маселелер көп кыйынчылык жаратпайт.

Саясий байкоочулардын пикиринде, олуттуу кыйынчылык күрт маселесинде чыгышы мүмкүн.Түркиянын 72 миллион элинин болжолу менен 15-20 миллионун күрттөр түзүшөт. Алардын маданий укуктарын кеңейтүү үчүн өткөн жылдардын ичинде бир топ иштер аткарылып, күрттөргө эне тилинде билим алуу мүмкүндүгү берилди, күрт тилинде сүйлөгөн радио жана телеканалдар ачылды. Бирок байкоочулар күрттөр жашаган түштүк-чыгыш чөлкөмдөрдүн экономикалык жана социалдык абалы дагы эле өтө начар экенин жана өкмөт абалды жакшыртуу үчүн максаттуу чара көрбөй жатканын айтышат.

Дагы бир маселе - Кипр проблемасы. Еврошаркет менен Түркиянын ортосунда кол койулган макулдашууга ылайык, Түркия Еврошаркетке кабыл алынуудан мурда Грек Кипр Республикасын расмий түрдө таанууга тийиш. Түркия Еврошаркетке мүчө Кипрди расмий тааный элек. Түркия ан үчүн Грек Кипр жумурияты менен Түндүк Кипр Түрк жумуриятынын ортосундагы проблема жөнгө салынуусу керек, деп эсептейт. Расмий Анкара бул маселенин Улуттар уюмунун кийлигишүүсү менен чечилишине чоң үмүт артып, азырынча болсо "жолду баскан арбытатка" салып, түйүндүү маселелердин кандайча чечилээрин бара көргөнү жатат.
XS
SM
MD
LG