Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫНДА КРИЗИС УЛАНУУДА


Кыргызстандын энергетика тармагында кризис уланууда. Буга негизинен пайдаланган энергия үчүн төлөбөстүктөр себеп болууда. Март ыңкылабынан кийин тармактагы абалга өзгөчө көңүл бурулат деген үмүт акталган жок.

Энергетика тармагындагы кризис мурунку бийлик учурунда күч алган. Андан чыгуу максатында энгергетика боюнча вице-премьер-министр деңгээлинде президенттин атайын өкүлү дайындалган. Бирок тармакта өзгөрүү болгон эмес. Жаңы бийлик 40% ашып бараткан жоготууларды кыскартуу талабын койгон менен, натыйжа алып келүүчү чараларды көргөн жок.

Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка адистер кризистен чыгуу үчүн энергетика тармагында башкарууну өзгөртүп, аны бирдиктүү компанияга айлантууну, же энергетика министрлигин түзүүнү сунуштаган. Бирок ал колдоо тапкан жок.

Президенттин энергетика боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Батыркул Баетов тармактын абалын мындай баалады:

- Бүгүнкү күндө керектөөчүлөр бөлүштүрүүчү компанияларга 2.5 миллиард сом карыз болсо, бөлүштүрүүчү компаниялар өндүрүүчү жана электр энергиясын берүүчү эки компанияга 5 миллиард сомго жакын карыз. Ошону менен абал өтө оор. Ал өзгөрүүсүз, ошол бойдон калып жатат.

Абалдан чыгуу үчүн тартип керек. Бирок ал камсыз болбой жатат деген Батыркул Баетов, энергетика боюнча атайын өкүлчүлүк да жабылды, эми тармак менен тыгыз иштеген орган калбады, деген тынчыздануусун билдирди.

Мурунку бийлик тушунда энергетика тармагы менен тыгыз иштеген Базарбай Мамбетовдун айтымында, энергетика тармагы өлкөнүн экономикасынын арка бели, эгерде бул тармакта абал оңолбосо илгерилөө болбойт. Мамбетов да тармактагы кризисти башкаруунун начардыгы менен байланыштырат:

- 40 пайызга чейин электр энергиясынын уурдалып, жоготулуп жатканы башкаруу проблемасына байланыштуу. Жаш, таза адамдарды энергетика тармагынын жетекчилигине коюп, алардын алдына аткара турган ишти так аныктап бербей жатабыз.

Ал энергетика тармагындагы кадр саясатын сынга алды:

- Эң чоң электр станциялар компаниясы, улуттук электр тармактар ишканасы, андан сырткары «Түндүкэлектро», «Жалалабадэлектро», «Ошэлектронун» жетекчилигине мурда коррупцияга малынып, анын чок ортосунда отурган адамдардын коюлушу эле, президент менен премьер-министрдин тармакты оңдоого эч кандай мүмкүнчүлүгү жок экенин көрсөтүп турат.

Азыркы кезде Кыргызнефтитрейдерлер бирикмесин жетектеп жаткан Базарбай Мамбетовдун пикиринде, Кыргызстан үчүн Өзбекстан менен Казакстанга электр энергиясын 2 центтен сатуу пайдалуу болмок. Бул боюнча өкмөттүн план-позициясы иштелип чыккан эле. Бирок аны ишке ашыра албай, Орусияга арзан баада электр энергиясын сатууга аргасыз болуп жатабыз, деп белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG