Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:41

МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ РЕФОРМАСЫ


2003-жылдан бери Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу реформасына арналган GSAC программасы иштөөдө. Ага бөлүнгөн 20 миллион доллардын 5 миллионун кыргыз өкмөтү алып, абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңешин түзгөн. Ушу тапта каржынын калган бөлүктөрүн иштетүү маселеси талкууланууда.

Программанын негизги максаты - мамлекеттик башкаруу ишине нака профессионалдарды тартуу, коррупциянын тизгинин ооздуктоо, аткаминерлердин эл алдындагы кызматынын ачык болушуна жетишүү. GSAC программасынын негизинде Кыргызстанда мамлекеттик кызмат агенттиги түзүлгөн. Агенттик жооптуу кызматка өз ишин мыкты билген профессионалдарды тандап алуу, чиновниктердин колу туткактыгын жоюу милдетин өзүнө алган. Бирок да 24-марттагы бийлик алмашуусунан кийин көбүнесе экс-президенттин үй-бүлөсүнө жакын адамдардан дайындалган агенттикке мурдагыдай көңүл бурулбай, абийирдүү башкаруучулар демилгеси байма-бай айтылбай калды.

Дүйнөлүк банктын GSAC миссиясынын жетекчиси Роланд Кларк мурунку бийлик тарабынан жасалгандарын баки-жогун жерип, четке чыгарып коюу туура эмес деп эсептейт:

- Эң алгач эске сала кетчү жагдай, мурунку өкмөт тарабынан жарыя кылынган реформалардын көбү дурус дегидей жышаанга ээ болчу. Аны унутуп салыш жарабайт. Мамлекеттик башкаруу реформасы эки негизге таянат, биринчиси белгилүү бир кызматка дайындалып аткан адамга карата аракет-кыймылдын эркиндиги. Экинчиси болсо кызматтагы адамдын акча бөлүштүрүү жагынан айрым эреже-шарттардан чыгышы, башка эрежелерге өтүшүнө негизделген.

Роланд Кларк ушу тапта Кыргызстан кысталыш саясий кризиске капталып калуу коркунучунда экенин белгилеп, анын себеби башкаруу кызматындагылардын канча киреше-байлык тапканын так айтпай атышына да байланыштуу экенин билдирди:

- Оболу белгилей кетчү нерсе, ушу тапта Кыргызстан саясий кризистин босогосунда турат. Мурдагы өкмөт реформаны жүргүзүү боюнча милдеттенме алган. Бирок да программалардын кыйласы ишке ашпай эле калды.

GSAC программасы мурдагы өкмөттүн ыкластуу аракети менен колдоого алынып, жаңы агенттик, ага кошо Абийирдүү башкаруучулардын, андан аз илгери демократиялык коопсуздук кеңештери түзүлүп, кыйла эле иш жүргүзүлгөндөй таасир калтырган. Абийирдүү башкаруучулардын консультативдик кеңеш катчысы Кубанычбек Өмүралиев башында дурус дегидей башталган иш кийин утурумдук өнөктүккө айланып кетти деген пикирде. Себеп дегенде, саясий кызматка дайындалган жетекчилердин көбү тапкан кирешеси тууралуу маалыматтарды беришкен жок:

- А коррупцияны жоготот деген, коррупцияны эч ким жоготкон эмес. Муну азайтуу мүмкүн. Өзгөчө революциядан кийин «үй-бүлөгө» каршы, болбосо чоң чиновниктердин мыйзамсыз иштерине каршы иш козголуп прокуратура тергеп атканы – бул өзүнчө иш. Бул өзү күнүмдүк иш, натыйжасы гана иликтенип жатат. Келечекте муну жоюу боюнча алдын-алуу иш жүргүзүлүбөй жатат. Бул иш аксоодо.

Мамлекеттик башкаруу реформасын жаңы өкмөт министрлик ведомстуктардын санын кыскартуу, бара-бара облустарды жоюу менен чечүү жолун көздөөдө. Анын кайрымжысы кандай болорун, албетте, турмуш көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG