Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Ирактын президенти Жалал Талабани апрель айында бийликке келгенден бери биринчи жолу Европада мамлекеттик сапары менен жүрөт. Адегенде ал Чех Жумуриятына келип, экономикалык жана аскердик кызматташттыкты талкуулады. 5-октябрда Талабани «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Прагадагы штаб-квартирасында болуп, бир катар суроолорго жооп берди.

Келерки аптада Иракта өлкөнүн жаңы Конституциясы жалпы улуттук референдумга коюлууда. Мына ушул маанилүү окуянын алдында Прагада болгон Ирактын президенти Конституция бардык пробеламаларды чечип сала албаганы менен, Баш мыйзам ар бир ирак атуулунун бийликке болгон ишенимин арттырат деп белгиледи:

- Биздин Конституциянын долбоорунда бийлик бутактары өз-өзүнчө ажыратылган жана бийликтин ишке ашышын көзөмөлдөп туруучу көптөгөн шарттар каралган. Анда адам укуктарынын мыйзамы бар, ал бардык ирактыктардын тең укуктуулугун кепилдейт. Эски режимден айырмаланып, жаңы Иракта мамлекет кайсы бир топту же улутту обочолонтууга эмес, тескерисинче бардык топторду жана диндерди өзүнө камтуу жоболоруна негизделген. Ирак демократиялуу, плюралисттик жана федералдык өлкөнүн келечегине ишенген бардык ирактыктардын мекени.

Президент демократиялуу Ирактын келечегине ишенимдүү карайт:

- Ирактын бардык атуулдары тең укуктуу жана диктатуранын эч бир формасына жол берилбейт. Ушул ишеним бизге террористтерди жана демократия дегенде жаа бою качкан караңгылыктын күчтөрүн бутага алууга дем берип жатат.

Ирактын президенти ошондой эле демократияны союздаштардын жардамы менен жана, коопсуздук күчтөрүн түптөп, машыктыруу аркылуу коргоп жатабыз деди. Ал Кошмо Штаттары баштаган коалициялык эл аралык күчтөрдү чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн Ирак өкмөтү аныктабайт, деп айтты. Анын сөз кыясында, мындай кадам козголоңчуларга тескери белги бермек.

Ирактын Саддам Хусейн кулагандан кийинки жаңы президентинин теги күрд. Түндүк Иракты мекендеген күрдүлөрдүн сеператизми боюнча суроого жооп берип жатып Талабани күрдүлөрдүн өз алдынча мамлекет болуп, бөлүнүп чыгышына реалдуу мүмкүнчүлүк жок деди. Анын пикиринде, улуттар федеративдүү өлкөнүн курамында кала берип деле өз тагдырын өзү аныктай алат. Анын үстүнө, эгер ирактык күрддөр өз алдынча мамлекет курса, аны тез эле коңшулары Сирия, Иран, Түркия муунтуп жок кылууга далалаттанышат, деп белгиледи Ирактын президенти.

Жалал Талабани «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун курамына кирген «Эркин Ирак» үналгысынын ролуна да токтолду. Ал 1998-жылдан тартып «Эркин Ирак» радиосу Саддам Хуссейндин диктатурасынын шартында жашаган ирак эли үчүн терең, цензураланбаган жана бейтарап жаңылыктар менен маалыматтын булагы болуп келгендигине жогору баа берди.
XS
SM
MD
LG